Эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн алгач коомчулуктун оюн угууга белсенди. Анын айтымында, 5 партиядан сунуш түштү. Ырчы айым алардын бирине дагы жооп бере элек. Эгер эл макулдук берсе шайлоого аттана турганын жар салды.

«Бир партиянын тизмегине мени жөн эле кошуп, сүрөтүмдү дагы илип , жалган маалымат таратып жатышат. Мага беш тартиянын штабынын жетекчилери колума арыз беришкен. Мен эч кимисине кол коюп бере элекмин. Политикага жологонго эч качан оюм жок эле. Бирок, элдин берип жаткан деми, суранычы : “балким, сен деле өзгөрүү киргизип, дал ушундай тытынып иштеп берээрсин биз үчүн”, ишеничибиз чоң!-дегендерин угуп, өз көзүм менен көрүп жаткан көйгөлөрдүн үстүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип турам. Сиздер менен акылдашам да эми.
Ушул бойдон “элден элге” кызматында калайынбы? Же сиз сунуштаган партияны колдоп, макулдугумду берейинби?
Балким, жаны дем, жаны күч, жакшы өзгөрүүлөрдү жасайттыр. Же башкалардай болуп- өзүм чече береинби?