Токмок шаарындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 20 млн сомго оӊдоодон өтүп, заманбап инфекциялык оорукана айланат.

4-августта аталган оорукана менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова, өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев жана Россиядагы Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная, Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов таанышты.

Мэриянын берген маалыматы боюнча, 20 жылдан ашык убакыттан бери поликлиниканын имараты жарым-жартылай гана пайдаланылып келген.

«№4 ҮДТ ушул жерде жайгашкан. Эми заманбап инфекциялык оорукана болот. Жер төлөсүндө кир жуучу жай, 1-кабатта кызыл зона, текшерү, рентге, операция бөлмөлөрү жана жандандыруу бөлүмү орун алат. 2-3-4 кабаттар дарылануучу жай катары колдонулат. Э.Кустов оорукананы пландаштырууда консультациялык жардам көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.

Бул жерге 200гө чукул койка коюлуп, капиталдык оӊдоого өкмөттөн 20 млн сом бөлүнөт. Бул каражат жетпей калган учурда Чүй облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 5 миллион сом, Токмок
шаарынын бюджетинен дагы 5 миллион сом бөлүнөт.