Бишкекте жүрүп бараткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-августта, саат 19:20лар чамасында болгон. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспекти менен бара жатканда сол дөңгөлөгү жарылып, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон.

«Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Автоунаа айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатат»,-деп айтылат маалыматта.