Ысык-Көл облусунда райондор аралык жана региондор аралык жүргүнчүлөрдү ташуу калыбына келтирилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн  кабарлашты.

Мындай чечим  аймактык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочуларга жана компанияларга катуу эрежелер киргизилерин белгиледи.

 «Тиешелүү түзүмдөр автобустар менен микроавтобустарды текшерип чыгышат жана эреже бузгандарга карата эң катаал чаралар көрүлөт», — деди облус башчысы.