Баткен облусунда чек арадагы кыргыз-тажик бөлүгүндө жаңжал чыгып,ок атышуудан чек арачы жарадар болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянуу менен маалымдады.

Окуя бүгүн саат 5.00 чамасында болгону такталды.

«Ок атышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын заставасынын башчысы жарадар болду. Ал колунан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Учурда чек арада абал тынч, эч кандай атышуу болгон жок », — деп билдирет редакция.