Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги чек ара чырына байланыштуу маалымат таратты. Анда жарадар болгон жаранга тийген ок колун тешип өткөнү жана азыркы тапта анын абалы туруктуу экени айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш участкасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар тарабынан болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алган.

«Ок колун тешип өткөн жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Аскер кызматкердин абалы туруктуу деп бааланууда. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Азыркы тапта абал туруктуу «, — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.