Бишкек шаарынын Ленин райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин «Чоң казат» кыймылынын өкүлү Сыймык Жапикеевге карата доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, сот активисттен 10 миң сом өндүрүп алуу чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, мурдагы прокурор Сыймык Жапекеев социалдык тармактарга видео-билдирүү жарыялап, анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 миллиард долларга бааланган жана ал күмөндүү жолдор менен иштеп тапкан деп айткан. Ошондой эле, ал башка саясатчыларды алардын мүлкүн кандайча алуу мыйзамдуулугун текшерип көрүүгө үндөгөн видео-билдирүүлөрүн чыгарган.

Кубанычбек Жумалиев бул айыптоолорду четке кагып, шектүү иштерге катыштыгым жок деп Куран кармап, ант берген. Ал экс-прокурорго доо арыз менен кайрылган — доо суммасы 10 миллион сомду түзгөн.

Ошондой эле сот Сыймык Жапыкеевге өзүнүн Фейсбук баракчасында төгүдөө жарыялоону буйрук кылды.