Айылда бир алты үй нары жакта жашаган кошуна бар. Эмнегедир элдин баары башкача көз менен карашат. Биз анын балдары менен ойноп калсак, апаларыбыз ар кайсы шылтоону айтып чакырып ала турган. Бир күнү колуна кетменин кармап ошол байке өтүп баратыптыр. Чоң апама салам айтып, жолун улады. Алма бактын астында сөөрүдө курут жасап жаткан чоң апам аны кечке артынан күзөтүп карап калды.  Мен анда 12 жаштагы бала элем. Апа эмнега элдин баары Эдил байкени көп кошпойт, бул эмне ооруйбу деп сурадым. Чоң апам, кайдаан балам, бир кезде бул күчү толуп, эр жетип турган кезде атасынын каргышына калган деди. Кызыгып кайра сурадым. Каргыш деген эмне?

Аа балам, каргыш деген бул жаман нерсе, эси жок да болбосо атага качан бала кол көтөрчү эле деди. А эмнеге атасын урду, ал жаман киши беле деп сурадым. Менин жамгырдай жааган суроолорумдан тажаган чоң апам, буларды айтып берди.

Анда ушундай күн ысык жай мезгил эле, булардын чооң жүзүм багын билесиңби, азыр да турат деди . Ооба деп баш ийкедим. Мурда ошол бакта үсөн жүзүм, кара жүзүм, ак жүзүм боло турган. Ошол жүзүм бакты Эдил байкеңдин атасы Жолдош деген киши болгон, ошол киши бапестеп өстүрүп, айылдын баарына чака менен таратып берээр эле. Дайыма апапак кийинип, ак дамбалчан жүрө турган жарыктык. Жүзүмдүн  таттуулугун айт. Канттай деп чоң апам шилекейин тартып алды. 

Ошол бак жаңыдан мөмө байлаганда, жүзүмгө аарылар келет. Жолдош аксакал ал аарылардан жүзүмдү кайтараар эле. Болбосо аарылар жүзүмдүн ширесин соруп, жүзүм анча болбой калат. Аксакал адатынча аарыларды кууп, чөптүн учуна матаны ороп, аны соляркага чылап күйгүзүп аарыларды  от менен качырып өрттөй турган. Ошол күнү да адатынча аарыларды кууп жүрсө чоң сары аарыга от жармашып, ал жыйылып турган чөпкө конот. Аны элес деле албайт жарыкык киши. Бир мезгилде чатырап чөп өрттөнүп кошуналар чакалап арыктан суу ташып араң өчүрүп калдык. Ошондо Эдил байкең аскерден жаңы келген. Ачуусу менен атасын уруп кирди. Араң жыйнаган чөптү өрттөп жок кылдың деп. Байкуш чал дамбалчан чуркап качып жүрөт. Кошуналар Эдилди кармап колу бутун таңып салышкан, элдин баары нараазы болгон, атасына кол көтөргөн акмак деп.

 Көп узабай  Жолдош аксакал кайтыш болду. Жетимсиреп жүзүм бак калды. Эдил байкең кылмыш жасап түрмөгө отуруп чыкты, ошол жактан бир кыз менен таанышып, экөө баш кошуп түрмөдөн аял ала келди. Арадан канча жыл өттү эч бир иши жылышпады. Жанагы жайнаган бак жок баягыдай ийилип жүзүм байлаган деп чоң апам үшкүрүп алды.

Кетменин көтөрүп Эдил байке суу байлап кайра келе жатыптыр. Анын артынан чоң апам айткан окуяны элестетип кечке карап турдум…