Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам Тажикстандын 65 жаштагы жараны каза болду. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы маалымдаганын аталган өлкөнүн ЖМКлары жазышты. 

Маалыматка караганда, окуя 6-августта саат 05:10 чамасында чек арада болгон. 

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жараат алганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.

Ушу тапта Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, жагдайды талкуулап жатышат.