Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева жана анын жолдошу Тимур Тилляев ээлик кылган кыймылсыз мүлк сатыкка коюлду.

Variety басылмасынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелестеги 3 вилла 18,9 млн долларга бааланган. Алардын ичинен эң кымбатынын наркы 6,495 млн долларды түзөт.

Маалыматтарга таянсак, 2007-2014-жылдары бул үйлөр NFL жылдызы Реджи Буш жана Ким Кардашьянга тиешелүү болчу. Кийин ага ээлик кылган үй-бүлө ижарага гана берип турганы айтылган.