Афганистандын Саламаттык сактоо министрлиги элдин үчтөн бири же он миллиондон ашыгы коронавирус жуктуруп алганын маалымдады. Министр Ахмад Жавад Османи 5-августта журналисттерге өлкөдөгү 32 миллион калктын 31,5% коронавируска кабылганын айтты. Эң бийик көрсөткүч Кабулда, андагы 5 миллион адамдын жарымынан көбү COVID-19 илдетин жугузган, басымдуу бөлүгү балдар.

“Оорунун экинчи толкуну бүт дүйнөдө жүрүп жатат. Бизге да келиши мүмкүн. Биз ага даяр болушубуз керек”, – деди Османи.

Министрдин сөзүнө караганда АКШдагы Хопкинс университетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен Ооганстанда коронавирус жуктургандарды иликтөө жүрүп жатат.

5-августка карата жалпы Ооганстанда 36 829 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланган. Оорудан 1294 адам көз жумган. Эксперттер чыныгы көрсөткүч мындан эселеп көп болушу ыктымалдыгын айтышууда.