Билсеңиздер керек, чоң шаан шөкөт менен бириккен Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариевдин альянсы ажырады. Темир Сариев ага чейин Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаевди бириктирүүгө аябай аракет кылып, натыйжа чыккан эмес. Адахан Мадумаров «Текебаев менен биригүүгө куштар эмесмин, тескерисинче сенин Акшумкарың менен биригели» деген. Ал эми альянс бузулгандан кийин Темир Сариев «Ак Шумкар» партиясы менен парламентке өтө албасын билип, Адахан Мадумаровго жолугуу сунушун киргизди. Эгер бийлик кызматка тартпаса анда Мадумаровго кошулуп кетем деп коркутуп жатат.