Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы жолдошу менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан, Ош облусттук кургак учукка каршы ооруканага кычкылтек концентрат аппаратын жана пульсиоксиметлерди тапшырды. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына билдирди.

Маалым болгондой, Айгерим Расул кызы «Элден элге» кайрымдуулук жардамын уюштуруп, кайрымдуу мекендештерден чогулган каражатка өлкөнүн бир катар аймактарындагы оорукнааларга медициналык жабдууларды тапшырып келет.

Буга чейин ырчы карантин маалында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш, азык-түлүк таратууда жардам көрсөткөнү үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун колунан «Ардак громата» сыйлыгын алган.