Кечээ, 5-августа эстрада ырчысы Анжелика Кайратова беш партиядан депутаттыкка талапкер болууга сунуш алганын жарыялаган. Ырчы ишти алып кетүүгө көзү жетип турганын белгилеп, кандай чечим кабыл алуу боюнча катталуучуларынан кеңеш сураганын жазганбыз. Ырчы бир дагы партияга макулдугун бербегени менен айрым саясий партиялар Анжеликанын сүрөтүн чаптап, соцтармакка жүктөп жатканын жазып чыкты.

«Кудайдан коркпой элди жинди кылып, мени ар кайсы партияга кошуп жатышат. Тынч койгула мени. Фейк! Жалган маалымат! Булардын оюндарына кошулбайм! Мен өзүмдүн жашоодогу принциптерим бар! Келечеке план түзүп, азыр эч кимге кошулбайм!!! Бир ушуну билип коюңуз!!!

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Өнөктүккө 44 партия аттанды. Шоу-бизнестин бир катар өкүлдөрү партиялардан сунуш алганын билдирип жатат, муну коомчулук шакаба айландырууда.