Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова инстаграм баракчасы аркылуу психологиялык жактан кыйналаган жарандарга бекер жардам берээрин айтып, билдирүү жазды:  

“Эң биринчи кесибим – психолог. Мындан көп жыл мурун «КАБИНЕТ ПСИХОЛОГИЧЕСКОЙ ПОМОЩИ» деп кабинет ачып, көптөгөн адамдар менен түрдүү маселелерди чечип иштегем. КУУда көп жыл психологиядан сабак берип иштедим, миңдеген студенттерге психологиядан сабак өттүм. Азыркы кырдаалда да кыйналган, психологиялык жактан жабыр тарткан адамдарга жылуу кеңешимди айтып, оор абалдан чыгарып кетип жатам. Эгерде психологиялык жактан жабыркап, кыйналып жатсаңыздар “личкага” жазыңыздар. Элим үчүн кеңешим, колдоом бекер… Жардам берип, жабыркаган жанды жакшылыкка үндөө колуман келет»,- деген ал.