Саясат таануучу парламентке өтө турган беш партиянын атын атады «Мурдагы тажрыйбаны эске алганда, парламентке беш партия өтөт. Алдыңкы үчтүктө — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан». Буга чейин жеңишке ээ болгон партияларда атаандаштарына караганда чоң тажрыйба бар», — деп белгиледи саясат таануучу Азим Азимов.

Анын божомолунда, Матраимовдордун партиясы бул шайлоодо жеңишке жетет. «Эгер шайлоо бир жыл мурун боло турган болсо, биринчи орунга «Биримдик» партиясын коймокмун. Анткени, бийлик, акча, административдик ресурс булардын колунда. Бирок пандемия жана экономикалык кризис бийликке каршы ойнойт. Президент, өкмөт коронавирус менен алышып жатат.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү башында турган «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул башаламандыкта кайрымдуулук менен алектенип, стационарларды ачып, дарыгерлерди, ыктыярчыларды өздөрүнүн үгүт иштерине пайдаланууда. Менин оюмча, «Биримдик» экинчи орунду, “Мекеним Кыргызстан” биринчи орунду алат ”, — деди Азимов.

Ал белгилегендей, алдыңкы бештикке туруктуу оппозициялык күчкө ээ «Ата Мекен» партиясы да кирет. “Бүгүнкү күндө саясий чөйрө өтө агрессивдүү, ага ар ким эле туруштук бере албайт. Демек, «Ата Мекендин» төртүнчү орунга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Коомдогу нааразычылыктын күчөп жаткандыгы жана бийликке болгон дооматтар «Ата Мекен» үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. Текебаев, Акаев, Момбеков негизги саясий чечендердин катарына кирет жана коомдун оппозицияга болгон талабынан упай топтой алышат», — деп баса белгиледи Азим Азимов.

Өткөн шайлоодо бакиевчилердин командасы менен жеңишке жеткен Алтынбек Сулайманов, бул жолу катарына прогрессивдүү жаштарды кошуптур. Жаштар шайлоонун жыйынтыгына тикелей таасир бербесе дагы, коомдун жаңы жүздөргө болгон талабына төп келет. Көндүм болгон саясий шаймандарын пайдаланса, бешинчи орунга «Бир Болдун» шансы жогору.

Фото: Спутник Кыргызстан