Борбордук шайлоо комиссиясы «Чоң Казат» партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматынан билдирди.

Боршайком мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook», YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты. «Чоӊ Казат» партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.