Өкмөттө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланды. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган республикалык штаб түзүлгөнүн белгиледи.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү шарт. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», — деди Кубатбек Боронов.

  • Учурда 2464 шайлоо тилкеси бар. Анын ичинен 44 тилке чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди (аймактык шайлоо комиссияларынын 650 мүчөсү, участкалык шайлоо комиссияларынын 29 837 мүчөсү). Алдын ала тизмеге (24-июлга карата) 3 млн 428 миң 873 адам кирген.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары 2020-жылдын 4-октябрында шайланат.

Онлайн режиминде өткөн жыйында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасап, жалпы республика боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын белгиледи.