Нарын облусунда кышка камылга көрүү иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, облус жетекчисинин тапшырмасы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Семетей Черикбаев баштаган штабдын мүчөлөрү энергетика тармагындагы көмөкчү чордондорду, трансформатордук подстанцияларды кыдырып, капиталдык ремонт иштеринин абалын, резервдик подстанциялардын корун жумуш үстүндө көрүп жатат.