Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров турган №1 түзөтүү колониясына медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Элдин уулу, элдик патриот Садыр Жапаров Аяш атам жаткан абакка,
Кыргыз Республикасынын номер биринчи түзөтүү колониясына, учурдагы пандемиядан алдын алуу максатында Кычкылтек концентрат аппаратты жана пульсоксиметрлерди жөнөттүм.
Турмуштан адашкан ал жакта кимдир бирөөнүн Атасы, баласы, сүйүктүү жолдошу, жакыны жатат… Алар дагы биздин жарандар кайдыгер карабай жардам берели…Баарыбыз Аллахтын колундабыз🙏🏻❤️
Жиберген жабдыктар түзөтүү колониясындагы медицина кызматкерлеринин ишине бир топ жеңилдик алып келет деп ойлойм. Баарыныздарга ден соолук»,-деди Айгерим Расул кызы.