Бул окуя көп жыл мурун болгон. Биз жашаган көчөдө жалаң орустар жашайт эле, алар согуш мезгилинде Украинадан көчүп келген кахолдор болчу, мурдулары коңкойгон, сүйлөсө “х” тамгасын кошуп сүйлөшөт. Акыркы жылдары алар Россияга көчүп кете баштады. Көчөбүзгө башка облустардан кыргыздар келип, той көбөйүп, чурулдап балдар чуркап чыныгы кыргыздын жүзү көрүүгө болот. Биздин үйдүн артында Валя деген кемпир жашайт, бир күнү үйүмдү сатып, Россияга кызыма кетем деп калды. Шаарга окууга кетип, сессия башталып, кайра келсем Валя кошунам кетип ордуна өзбек туугандар көчүп келишиптир. Апам татынакай келин экен, огородун кара таптаза ирети менен баарын отургузду деп калды.

Бир күнү ошол өзбек келин биздин үйгө балта сурап келип калды. Аны менен таанышып, экөөбүз жакын болуп кеттик. Аты Надира экен. Кээде күйөөсү айылына кеткенде жаныма жат деп чакырып калчу. Анын сылыктыгы, сиз деп сүйлөгөнү мени таң калтыра турган. Жада калса балдарын да сиз дечү.

Балдар уктап экөөбүз ар кайсыны айтып отуруп түн бир оокум болуп калыптыр, кой уктайлы деп төшөккө жаттык. Кокусунан эле башыма бир ой келип, Надира эмнеге кыргызстанга көчүп келдиңер силерде жашоо шарт ошончолук кыйынбы деп сурадым. Ал мени жалт карады да, шаабайы сууп, билесиңби менин эч ким билбеген бир сырым бар, ичимде канча жылдан бери жүрүп,жүрөгүм эзилип бүттү сага айтып жеңилдеп алайын деди.

 Биз жолдошум экөөбүз сүйлөшүп баш коштук,шаан-шөкөт менен үйлөндүк. Кайненем бар такылдаган,жерге кыл жаткырбаган. Кайнатам бар курсагы челектей болгон. Башында бары жакшы болчу.  Балам төрөлгөндөн соң кайнатамдын кылыгы башталды. Эч кимге байкатпай мени аңдып калды. Башында маани берген эмесмин. Кийин үйдө эч ким жок болгондо ачык эле асылып, тийише баштады. Кыйкырып же бирөөгө айтсаң өлтүрөм деп коркутат. Бир ирет ваннада кир жууп жаткам, акырын артыман кирип, ишин бүтүрүп жуунуп чыгып кетти. Ыйлаган бойдон кала бердим. Жолдошума айтайын деп атасы экөөнүн ортосуна от жагып жаман атты болгум келбеди. Ошентип күндө мени эрмектеп көнүп алды. Аңгыча боюма бүттү, ал кайнатамдан эле. Нечен ирет түшүрүп салууга аракет кылдым, акырында өзүм кыйналдым бала ылдый түшүп кетип. Эптеп экинчи баламды төрөдүм. Кайним үйлөнүп үйдө эки келин болдук, ошондо жолдошумду алдап, бул жакта иш жакшы деп көндүрүп алысыраак тарапка качтым деди.

Оозум ачылып эле калды аны угуп. Эмнеге милицияга айтпадың, ата-энеңе айтпадың деп сурадым. Оой сен биздин салтты билбейсиң, баарыбир мени күнөөлүү кылышат, экинчиден балдарымды ойлодум, келечеги кандай болот,жанагы кайнатасы зордуктаган келиндин балдары дейт. Чоңойсо эч ким кыз бербейт. Ошондуктан бул жерде эле тынч жашаганым жакшы дейт.

Арадан убакыт өтүп өзүм да турмушка чыктым.Надира айткан окуя эсиме келип кайнатамды эле карай берем. Кудай жалгап жакшы жерге туш болдум. Кайнатам өтө сүрдүү киши эле, айылга аты чыккан. Ооруп калып каза болду. Андан бери канча жыл өтүп азыр өзүм беш баланын апасымын.