Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ординатурасын аяктаган 169 адис Кыргызстандын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн бөлүштүрүлдү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, Бишкек медициналык коллежинин 70 бүтүрүүчүсү да башкалаадагы саламаттык сактоо мекемелеринде иштөөгө бөлүндү.

«Дарыгердин депозити» мамлекеттик программасынын негизинде 175 адиске бир кварталда бир жолу акча төлөнмөй болду.