Борбор калаадагы Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачылары митингге чыгышты. Алар бийликке объектти электрондук аукциондон алып салуу жана аларды жумуш ордунан ажыратпоо талабын коюшту.

Чогулган 70ке жакын ижарачылар коронавируска байланыштуу ижара акысын жокко чыгарууну талап кылышты.

Алар соода бутиктерин 10 күндүн ичинде бошотуп, иштебегендигине карабастан, июнь жана июль айлары үчүн ижара акысын төлөшү керек деп талап кылып жатышканын айтышты.

Нааразычылык акциясына чыккандарга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жолукту. Ал ижарачылардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылаарын айтты.

Белгилүү болгондой, “Караван” соода борбору соттун чечими менен экс-парламентарий жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеевден конфискацияланып алынган. Ал 2017-жылы мамлекеттик менчикке өткөн. Соода борборундагы соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн түшкөн негизги кирешени “Мүлк” мамлекеттик ишканасы алат.