«Бишкек» эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөн майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой,кечээ, 6-августта Финполдун кызматкерлери тергөө сотунун буйругуна ылайык, криптовалюта чыгарат деп жабдылган ферманын кампасын тинтишкен.
«Имараттын ичинде электр энергиясы жана интернет түйүндөрүнө туташтырылып иштеп жаткан майнинг-системалар табылган», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Финполдун кызматкерлери мыйзамсыз ишке катыштыгы бар делген ишкана жетекчилерин жана аткаминерлердин тобун аныктап жатканы кошумчаланды.