ММКнын Фейсбук айдыңында «Апрель телеканалы» деген баракчадан ар кандай коомго тескери көз караштагы маалыматтарды таркаткан фейсбукчу жарандар бар. Бул баракчанын башкы администрациялары экс-президент А.Атамбаевдин адамдары экени дагы белгилүү. Баракчадагы жүктөлгөн маалыматтардын авторлору дээрлик көпчүлүгү Кой-Таш окуясында буканын куурдагын жегендер. Бул «Апрель» дин атына барктанган Атамбаевчилердин максаты өлкөнүн бүтүндүгүн бүлүнүп, элдин ынтымагын ыркыратып, бүлүк салганды токтотушпады. Бул баракчаны пайдаланып жаткан Атамбаевчилерди тартипке салып, ынтымакка чакыра турган аттуу-баштуулар же атайын орган кызматкерлери чыгабы. Урматтуу ГКНБ, МВД кызматкерлери! «Апрель телеканалы» таркаткан Фейзбуктагы бүлүндүргүч маалыматтарга сиздер гана чектөө коюп,тартипке чакыра аласыздар. Бизге, бүткүл кыргыз элине ынтымак, тынчтык керек!

Булак: Тезкабар.