Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаракат алган жоокердин абалы туруктуу. Ал Баткен облустук травматология бөлүмүндө жатат. Ал эми экинчи жабырлануучу болгон 65 жаштагы жергиликтүү тургундун абалы операциядан кийин орточо деп бааланууда. Жергиликтүү жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кечээ, 6-августта эртең менен чек арада жаңжал чыгып, натыйжада Кыргыз өлкөсүнүн бир жоокери жаракат алган. Ал эми Тажикстандын маалымат булактары чырдан бир жараны каза болгонун жазып чыккан.

Ошондой эле ушул эле  күнү кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш жана Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде аталган айылдын жашоочусу, 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш жер тилкесинде иштеп жүргөн жеринен Тажикстан тараптан белгисиз адам ок атуучу курал менен жашоочуга карата ок чыгарган.