1. Айрым психологдор адамдар инстинктивдүү түрдө полигамдуу болушат деген менен адам гана эмес, айрым бир жан-жаныбарлар дагы өзүнө бир гана өнөктөш тандайт (моногамия). Мисалы аларга гиббондор, ак куулар, карышкырлар, альбатростор жана таз жорулар кирет.

2. Эки адам ортосундагы жактыруу сезим таанышуудан кийин алгачкы 4 мүнөттүн ичинде пайда болот. Башкача айтканда сүйүү дароо эле пайда болбойт. Ага эки адамдын ортосундагы көптөгөн факторлор себеп болот.

3. Сүйүшкөндөрдүн жүрөгү синхрондуу түрдө кагат. Кызыгы же таң калычтуусу, арзышкан адамдар бири-бирине тигиле караганда жүрөктөрү бирдей ыргакта согуп баштайт. Мунун себеби окумуштуулар тарабынан бүгүнкү күнгө чейин изилденип бүтө элек.

4. Сүйүү организмге кокаин сындуу таасир этет. Сүйүү сезимин баштан кечирип жаткан адамдын маанайы кокаиндин дозасын кабыл алган адамдыкы сыяктуу болот.

5. Махабат оору сезимин басаңдатуучу дары каражатындай касиетке ээ. Башкача айтканда, арзышкан адамдын кучагында болуу кайсы бир оору сезиминин басаңдашына алып келет. Мунун өзү кучактоо учурунда мээде «ооруксунууну басуучу» гормондордун иштелип чыгуусу менен байланыштуу.

6. Кебете-келбети жагынан бири-бирине окшош жуптар жөнү жок уруша беришпейт. Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында келбети, ошондой эле мүнөзү окшош жуптар алда канча узак жана бактылуу жашаары аныкталган.

7. Жашоо-турмушка бирдей караган, бирдей көз караштагы адамдар ортосунда мамиле оңой эле башталып кетет. Бирок, психологдордун оюу боюнча мүнөзү окшош адам менен олуттуу мамиле түзүү өтө оор.

8. Сүйүү жаатындагы трагедиядан кийин организмде бир катар өзгөрүүлөрдүн болуп өтүүсү мүмкүн. Мисалы, «эмне үчүн мындай болду?»-деп түн уйкудан калуудан, кайгы-капага чөгүүдөн улам организмде жүрөк булчуңдарынын ишин жөнгө салуучу заттар бөлүнүп чыкпай калат. Бул жүрөктүн сыздап оорушуна алып келет.

9. Кимдир бирөөнү сүйүп калуу сезими ашып кетсе бир жылга созулат. Окумуштуулардын пикири боюнча бул мезгил аяктагандан кийин сүйүү сезими башка бир жаңы этапка өтөт же өнөктөшүнөн көңүлү калат.

10. Сүйүп калуу психикалык жактан жапа чегүүгө тете. Өткөрүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында арзуу сезимин баштан кечирип жаткан адамдын организминде кызыктуу химиялык реакция жүрүп баштайт. Башкача айтканда, серотонин өлчөмү төмөндөп, кортизол өлчөмү көбөйөт. Кызыгы, психикалык жактан жабыркаган адамдардын организиминде дал ушундай реакция жүрөөрү белгилүү.