Мурун тизмеде бекитилген авариялык абалдагы 29 мектептин ичинен 11 мектептин курулушу 1-сентябрга карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Урматбек Кокочаров кечээ, 7-августта брифингде билдирди.

Анын айтымында, 29 мектептин курулушуна 2020-жылы 353 млн сом каралган.

Андан тышкары ведомство аралык комиссия кайра курууга муктаж болгон 245 мектептин тизмесин бекитти.

Алардын ичинен:

— 96 мектептин курулушу жана долбоорлоо иштери Мамкурулуш агенттигинин бюджетинин эсебинен;

— 16 мектеп – Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен;

— 6 мектеп – ар кайсы булактардын эсебинен, анын ичинде Дүйнөлүк банктын программасы менен менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен;

— 10 мектеп – Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын бюджетинин эсебинен.