Индиянын Керала штатында жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан учак аэропорттогу учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти. Air India Expressтин Boeing 737 учагынын катуу конуудан жабыркагандардын саны 20 адамга жетти, 140тан ашууну жаракат алды, деп маалымдайт Hindustan Times.

Басылма белгилегендей, каза болгондордун экөө учкучтар.

Индиянын бийлигинин айтымында, лайнер жамгыр жаап жаткан мезгилде конгон. Ал бадалга тийип, учактын алдыңкы бөлүгү менен учкучтар отурган бөлүк толугу менен талкаланган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, учак Дубай шаарынан учкан. Бортто 190 адам болгон.Алардын 174 чоңдор, калгандары жаш балдар.