Россиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак орусиялык басылмаларга билдирген.

«Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү», — деп билдиришкен укук коргоо органдарынан.

Укук коргоо органында иштеген ишенимдүү булактын билдиришинче, Муслим Евлоев качып кетип, анын тууганы кармалган.

Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган болчу.