Улуттук контрчалгындоо жана коопсуздук борборунун директору Уильям Эваниндин айтуусу боюнча АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин репутациясына шек келтирүү үчүн россиялык бийлик «мүмкүн болгон бардык чараларды колдонот». Ошондой эле, Эваниндин оюу боюнча Кремль менен байланышы бар адамдардын бардыгы соцтармактарда жана телевидение аркылуу Дональд Трамптын талапкерлигин колдоого аракет жасашууда.

Ошол эле учурда Кытай «тентек баладан айырмасы жок»-деп эсептегендиктен Трамптын экинчи мөөнөткө өтүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн мүмкүн болгон жана болбогон аракеттерди жасайт.

Негизи эле, АКШдагы шайлоолорго Кытай, Россия жана Иран өңдүү бир катар мамлекеттер таасир этип, Америкадагы көз караштардын кагылышуусу, демократиянын ойрондошу үчүн жашыруун кадамдарга барышат-дейт Эванин.