Британиялык эң эле окуумал деп эсептелген Autocar журналы өз автоунаа өнөр жайына ээ мамлекеттерге таандык башкы автоунаалар тууралуу жазып чыкты.

Ошентип, басылманын пикири боюнча башкы россиялык автоунаа болуп советтик элдердин арасында «копейка»-деп ат менен белгилүү ВАЗ-2110 саналат. Ал рынокко дээрлик 42 жыл чыккандыгы, ошондой эле чет өлкөлөрдө дагы суроо-талапка ээ болуусу менен эксперттердин көңүлүн бурган.

Ал эми башка өлкөлөрдө бул төмөндөгүдөй. Британияда ал – Mini Cooper, Францияда – Citroen 2CV, Германияда — Volkswagen «Жук», Италиияда — Fiat 500, Испанияда — Seat 600, Швецияда — Saab 92, Нидерландда — DAF 600, Чехияда — Skoda Favorit, Румынияда — Dacia Sandero, Японияда — Toyota Corolla, Кореяда — Hyundai Pony, Кытайда — Qoros 3, Австралияда — Holden Monaro, АКШда — Ford T.