РФ Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку соттун «Мордовиянын мектептеринде хиджаб кийүүгө тыюу салуу» тууралуу чечимине канаатангандыгын белгиледи.

Аталган министрликтин оюу боюнча Россиянын көп улуттуу өлкө экендигине карабастан «мектеп окуучулары бирдей формада кийинүүсү» зарыл. Бул балдардын тарбиясына оң таасир этет.

Белгилей кетсек, РФ Жогорку соту Мордовия Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Билим берүү мекемелеринде диний багыттагы кийим-кечелерди кийүүгө тыюу салуу жөнүндө» талабын мыйзамдуу деп тапкан.