Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, таланттуу ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Азиз Батыров Ош облусунун Кара –Суу районунда туулган. Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Консерваториясын аяктап, улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, “Түрк дүйнө” аттуу оркестринин солисти болуп эмгек жолун баштаган. Аны менен катар КТМУнун кесиптик жогорку мектебинде студенттерге “Музыканын методдору” сабагынан мугалим, Ишеналы Арабаев атындагы университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка кафедрасында салттуу музыка бөлүмүндө Дастан айтуудан сабак берген.

Чыгармачылык жолунда бир катар жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга татыган. Азиз Батыров 2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн “Улуттар аралык музыка” фестивалында “Алтын үн” байгесин жеңип алган. 2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Алтын үн” сынагында баш байгени багындырган. Учурда Бишкек шаарындагы №7 музыкалык мектебинде эмгектенүү менен бирге Ишеналы Арабаев атындагы университетинде аспирантурада окуп жатат. Ошондой эле ал, 2012-жылдан ушул күнгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде дастан айтуу боюнча сабак берип келет.

Бүгүнкү күндө ырчы Азиз Батыров бир гана ырчылык менен гана алектенбестен, кичинекей өсүп келе жаткан жеткинчектердин башын бириктирип, комуз үйрөтүп көркөм табитин өнүктүрүүгө салым кошуп жатат. Азиз Батыровдун окуучуларынын саны азыркы учурда 300 гө жетип, окуучулардан турган “Ынтымак” тобун ачып дастан, терме жана санат ырларын алар менен бирге аткарып чоң сахналарга чыгып жаткан учуру