Кечээ, 7-августа Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашаган бойго жетип калган кызды Ысык-Көлдүн Түп районуна ала качып кетишкен. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдурасулова»Кадам медиага» билдирди.

Анын айтымында, кызды ала качууга конушта турган аял дагы көмөк көрсөткөн. Укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатканын айтып,зордуктоого кабылып калбасын деп тынчызданды.

«Менин телефонума кыздын агасы чалып жардам сурап кайрылды. Кыз буга чейин окууну бүтүп, үй-бүлөсү менен конушта 5-6 жылдан бери жашап келет. Бир аял жумуш таап берем деп алдап, ала качтырып көлгө алып кетишкен. Кыздын агасы мага чалып, укук коргоо органдарына кайрылгыла деп кеңеш бердим. Бирок укук коргоо органдары жабырлануучу өзү арыз жазсын деп көңүл кош мамиле жасашкан. Ал эми кыз болсо баланын жашы өтүп калганын, эч кандай тааныштыгы жок экенин айтып, алып кетүүнү суранып жатат»,-деди Абдурасулова.

Учурда бул окуя боюнча милиция жана укук коргоо органдары териштирүү иштерин улантып, окуя боюнча баа берилет.