Урматтуу мекендештер!

Өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым.

Тагдырдын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун колдоосу менен алгач кичи мекеним Ысык-Көл облусунда, андан соң ордолуу Ош облусунда жалпысынан 4 жылга чукул аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтарын аркалап эмгектенип келдим, ушундай жооптуу кызматты ишенип, демилгелериме ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп келе жаткандыгы үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылыгымды билдиремин.

Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгындагы колумдан келишинче чын ниет менен элиме анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга бар аракетимди жумшадым. Мен ушул убакыт аралыгында тилеги, ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам.Учурдан пайдаланып, жалпы облустун тургундарына, мамлекеттик органдардын облустук, райондук бөлүмдөрүнүн кызмактерлерине, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана эмгек жамааттарына, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына жана эмгек жамааттарына, ошондой эле ар кандай кырдаалда күнү-түнү мени менен чогуу болуп, бирге кызмат кылып келишкен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, орун басарларыма, аппарат жетекчиме жана башка баардык мага колдоо көрсөтүп келген санаалаштарыма, кесиптештериме терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Ош элинин меймандостугу,мээнеткечтиги , ак пейили, жеринин асылдыгы, Ак-Буурасы, Сулайман тоосу ж.б.  ыйык, кооз жерлери менин эсимде дайыма  сакталат. Мен ушул уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым. Ар бир күнүмдү ак ниет менен артылган ишенимди таза, так аткарууга аракет жасадым. Оштун элине таазим!

Мындан аркы саясий ишмердүүлүгүмдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна аттанууну чечтим.

Жалпыңыздарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирем! Элибизде тынчтык, ынтымак, мамлекетибизде өнүгүү болсун!

Сиздерди урматтап,

Узарбек Жылкыбаев