Жумуш жок болуп жолдошум бир канча убактан бери үйдө жатат. Болуп калаар, азыр карантин  иш деле жок болуп жатпайбы деп өзүмдү сооротом. Көчөнүн башында балдар ойногон аянтча бар. Үйдөгүлөргө тамак берип, кызымды ойнотуп келүү үчүн сыртка чыктым. Аянтчада балдар көп, ары бери чуркап жүрүшөт. Ушул жерге күндө кечинде эки жапжаш, сулуу, татынакай келин келет. Алардын колдорунда көтөргөн  балдары бар. Бирок дайыма селкинчекке өздөрү алып отурат. Бул ирет да экөө отургучта колдоруна балдарын кармап отуруптур. Акырын басып алардын катарына отурдум. Жумшак салам айтып, арыраак жылып мага орун беришти. Байкасам бирөөсүнүн баласы жашы 5 те окшойт, бирок көзү көрбөйт экен. Экинчи келиндин колунда кыз, анын жашы 8-9 да көрүнөт. Ал көрүп колдорун тарбаңдаткан менен баспайт экен. Башын да жакшы кармабайт өңдөнөт.  Аларга тигилип кечке карасам керек, бир убакта алардын бирөөсү:

-Эже сизге эмне болду, эмне мынча ойлуу карайсыз-деп күлүп койду.

Ошондо озүмө келдим, сыягы аларга боорум ооруп кечке кадала карай берсем керек.

-А, мен, мурда да ушул жерден экөөңдү көрчүм. Бирок балдарыңарга такыр көңүл бурбаптырмын- дедим.

Экинчи келин күлүп:

-Бизди баары ушундай карайт деп калды.

Эмнеден улам балдар мындай болгонун сурадым. Көрсө доктурлар туура эмес төрөтүп балдар шал ооруусу менен ооруйт экен. Айтымдарында, алар бул жерде батирде туршат экен. Бирөөсү көчөнүн башында, экинчиси аягында. Алар экөө ушул аянтчадан таанышып, кез-кезде жолугуп баарлашып турушат экен. Мындай балдарды кароо өтө кыйын экенин, түн уйкусун төрт бөлүп карап, жуунтуп, таза караганы көрүнүп турат. Экөө тең тамакты өздөрү жей алышпайт экен. Баспагандыктан дайыма көтөрүп жүшөт экен. Силерге ким жардам берет, жолдошуңар барбы деп сурадым. Балдарга пенсия алаарын, карантин болгону бери жумуш жок болуп жатканын, пенсиясы батирдин акчасына кетип жатканын айтышты.

-Кыздар катуу тийсе кечиргиле, эмнеге интернатка бербейсиңер, өзүңөрдү кыйнабай дедим.

— Оой эже бул суроо бизге бериле берип, көнүп деле калдык, катуу деле тийбейт. Эгер бул балдарды, төрөгөн энеси биз чансак, бизден башка интернаттагы адам мээрим төгүп карамак беле.  Кудай ушинтип жараткан соң, баш тартып турсак кайсы арыбызга эне болобуз. Мен таң калам, 12 мүчөсү толук төрөп таштап кеткен энелерге. Ал балдар, көп болсо бир жыл колго көтөрөт, андан соң өздөрү тамак жеп, ойноп кете беришет. А биз билбейбиз дагы канча убак, кабыргабыз кайышып, белибиз сыздап көтөрүп багабыз. Көтөргөн эч нерсе эмес ооруганы жаман. Айтат эмеспи, ооруган эмес оорулуу адамды караган оорулуу деп. Чынында чырылдап, талмасы кармап ооруп жатса өзүңдү коерго жер таппайсың. Аны түшүнүп кабыл алган кайын журт аз болот. Баарына энени күнөөлөшөт. Жыргаганыбыздан батирлеп жүрөт дейсизби?  Башка салса байтал жорго деп жүрөбүз. Экөөбүз тең жогорку билимдүүбүз. Иштейли десек мынтип колубуз жипсиз байланган. Арманыбыз бир болгондуктан, жолугуп кобурашып калабыз ушул жерден-дейт. Чынында үзүлбөгөн үмүт менен көп жерге караттык, бирок мындай ооруунун дабасы аз экен.Болгону туура кабылдап жакшы кароо керек экен. Айрымдар, калп эле бастырам, бутуна тургузам деп ар кандай дары чөптөр менен дарылаган болот, бирок пайда жок. Ата-эне үмүт менен барабыз, кудум ошол адам карап тамыр кармаса балабыз чуркап кетчүдөй. Айрымдар тескерисинче ушундай балдарды караган киши болуп акча иштешет экен….

 Кеч кирип, жылуу коштошуп үйгө тарадык. Кыргыздын кыздары кайраттуу, чыдамдуу келишет.

Алардын тагдырын өзүмдүкү менен салыштырдым. Эки келиндин кайраттуулугуна, эркине таң бердим. Чынында мен эки балам менен кадимкидей чарчап калам. Алардын кирин жууп, тамак жасап бергенди милдет кылчумун. А бул эки келинчи, алар түнү-күнү бала колунда, анан мен жасаган иштер кошо алардын мойнунда. Алардын ордуна өзүмдү коюп көрдүм. Ыйлап жибердим…Колумдан келсе экөөнө жардам бергим келди. Чын да азыр 12 мүчөсү соо төрөлгөн балдарды тыштап кетип жатканы канча. Баарынын башы саясаттан чыкпай, мындай тагдырлар көмүскөдө калып жатат. Ушундай үй-бүлөлөр баары жактан камсыз болгондо аттиң десең…