Ысык-Көлдө 15 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Каракол шаардык пляжында 2005-жылы туулган кыз сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаарынын 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.