АРИПОВ Тилеберди Турдалиевич – Лейлек районунун экс-акими, айыл чарба илимдеринин кандидаты, “Сапат Строй Курулуш” ЖЧКнун директору:

“ЛЕЙЛЕКТИН НИЙМАТ АВАСЫ

Жээналиев Ниймат аке менен бир заманда, ага-ини болуп жашап калганыма сыймыктанам. Ниймат аке биздин эле эмес, жалпы Лейлектин Ниймат авасы эле. Кайталангыс, табиятынан баатыр киши эле. Биз дагы, насип кошулуп, Лейлекте жетекчилик кызматта иштеп калган кезде, бул киши менен тыгыз карым-катнашта иштеп жүрдүк, өмүрүнүн акырына чейин.

Бул киши элдик киши эле. Ар дайым авабыздын жардамына, кеп-кеңешине муктаж элек. Ушундай учурлар көп болду. Райондук деңгээлдеги элдик маселелерди, биз бийликте иштеп жүргөн кишилер элге жеткире албаган маселе жаралып калганда, сөзсүз Ниймат авага кайрылат элек. Мисалы, Президент болобу, премьер-министр болобу, же болбосо министрлер болобу, келип калганда, элдик маселени Ниймат авага кайрылып, ушул маселени көтөрүп берсеңиз деп суранар элек. Ыраматылык, жок дебестен, биз сурангандан да өйдө кылып, чырайына чыгарып айтып берер эле. Анан, ал киши көтөргөн маселе аткарылбай калбайт эле. Ушундай учурлар менин практикамда өтө көп болду.

Чоң маселелерден алсак, мисалы, Лейлек району өндүрүшү жок, сугат суу тартыш, агрардык район болгондуктан, сугат аянттарды көбөйтүш боюнча маселе аябай эле арбын. Ушул маселени көтөрүп бериңиз деп Ниймат авага өтө көп кайрылат элек. “Саркент” деген долбоорубуз бар, ушул маселени Ниймат ава канчалаган жыйындарда, кандай гана адамдардын алдында көтөрбөдү. Бул – келечекте боло турган иш.

“Абдибешер” каналыны Исхак атабыз 50-жылдары курдурган экен, мезгилдер өтүп каналдын да эскилиги жетип, суу жакшы жүрбөй калганда, Ниймата авага кайрылып, ал киши Президенттин, премьер-министрдин деңгээлине чейин кайрылып, аябай чоң каражат сарпталып, реконструкцияланды. Бул иш – аксакалыбыздын районубузга кошкон зор салымы болгон.

Дагы бир мисал, 2012-жылдын башында, мен кайрадан районго аким болуп келген кезде, 2011-жылы Чимгенде чоң сел кетип, айылдын жарымыны сел басып, эл кыйналып, көпүрө иштен чыгып, эл ташпишке тушүп турганда, ӨКМдин министри Боронов келип калды. Ниймат авага телефон чалып, Чимгенде жолдун боюнда Сиз менен бир жолугуштурайын, маселени өз оозуңуз менен айтыңыз деп сурандым. Ошондо Ниймат ава өтө чырайлуу кылып, министрди мактап, көңүлүн таап, аябай чоң ишти бүтүргөнү алигече эсимде.

Дагы бир мисал, биз чек арада жайгашкан районбуз го. Бир мезгилде биздин чек арачы жоокерлердин ахвалы өтө оор эле. Кийимдери начар, тамак-аш маселеси тартыш, ошону көрүп турган балдар армияга барбай калды. Чек арага барсаң тажиктин балдары зыңкыйып турат, биздин балдар болсо бою 1,5 метр, кийими жыртык, ушундай моментте Ниймат авага кайрылган жайым бар. Ушул маселени да Ниймат ава республикалык денгээлдеги бир чоң жыйында ушундай чырайына чыгарып көтөрдү дейсиз. Азыр эми карасаңыз, абал таптакыр өзгөрдү. Ошо кездеги авабыздын сөзү республика аймагында резонанс жаратып, жетекчилербизди абалды өзгөртүүгө мажбур кылган.

Ниймат ава менен көчмөндөр оюнуна барып калдык, көлгө. “Кырчын” деген жайлоодо боз үй тиктик. Биздин боз үй облустардын, райондордун ичинен өзгөчө болгон. Ар бир боз үйдүн ортосуна Лейлек гилемдерин асып, колдо токулган Атамбаев менен Путиндин сүрөттөрүн коюп койдук эле, эртеден-кечке эл ошоерге топтолуп, сүрөткө түшүп, чет элдиктер аябай таңыркашып, кайра-кайра сурамжылап, башка облустардын боз үйлөрүнө кирбей тургула, комиссия келип көрсүн деп турганда, Ниймат ава акасакалдарды эшик алдына кош келдиң кылып тургула деп, өзү канча киши келбесин, биздин боз үйгө киргизип, анын жасалгасын көрсөтүп, даам сыздырып турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Анан океандын астында жашаган бир жаныбардын терисинен тигилген, атасыдан калган бир чепкени бар экен, ошол чепкен менен Бакай калпагын кийип алганда кадимки Манас баатырдай көрүнүп калат экен, ошентип “Кырчында” Ниймат ава өзүнчө бир керемет жараткан.

Ниймат ава, ыраматылык, кайталангыс киши эле. Жана баатыр дедим го, ошол сөзү да, өзү да, жүргөн-турганы да чыныгы баатыр адам эле. Тезирээк кетип калды, кайран авабыз, жайы жаннатта болсун, бул кишини Лейлек эли эч качан унутпайт.

Мен Ниймат Жээналиев авабыздын мен билген, мен көргөн, өзүм күбө болгон окуяларынын кичинекейин гана айттым. Бул киши тууралуу канча айтса да, канча жазса да арзый турган адам эле. Ылайым, жаштарыбыз ушундай жарандарыбыздын өткөн өтмүшүнөн, жасап кеткен албан иштеринен үлгү алышсын.

Абдиллабек Авазов

Маданияттын мыкты кызматкери.