НАСА курамы  алтын жана башка баалуу металлдардан турган «16 Психея» астероидине миссиясын жөнөтүүгө даярданып жатат, алардын жалпы наркы бүтүндөй Жердин экономикасынан ашып кетет. Бул тууралуу Forbes жазат.

“16 Психея » Марс менен Юпитердин ортосундагы күн системасынын астероиддик шакегинде жайгашкан. Астероиддердин көпчүлүк бөлүгү тектерден жана муздардан турса да, бул протопланеттин өзөгү темир рудасынан, никельден жана алтындан турат. Анын наркы 10 миң квадриллион долларды түзөт. Ал эми, бүткүл дүйнөлүк экономика 74 триллион долларга бааланган.

Окумуштуулар астероид толугу менен темирден, алтындан, платинадан, жезден, кобальттан, иридийден жана ренийден турат деп эсептешет.

NASA бул астероидди Жерге алып келүү мүмкүнчүлүгүн изилдейт. Андан кийин, баалуулуктарды кайрадан баалоо башталат. Эгер бул кадам ишке ашса анда — алтын жана платина жер бетинде пластиктен да арзан болот.

“16 Психеянын» өзөгү жердин ядросуна абдан окшош, ал астероид таштардын сырткы катмарын жоготкон же катуу кагылышууларга учураган өлгөн планетанын жүрөгү экендигин билдирет.

Астероиддин туурасы 226 км.

Жакынкы арада инженерлер SpaceXтин Falcon оор ракетасы менен 2022-жылы августта учурула турган Psyche жаңы космос кемесинин курулушун башташат. 2023-жылы «16 Психеяга» Марстан учуп кетиши керек жана 2024-жылы январда астероидге конуп баштайт.


Астероид 19-кылымда табылган, бирок жакында эле NASA бул объектинин курамын изилдеп жатканда ага олуттуу кызыгып баштаган.