Бүгүн, 10-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +30…+35

Талас облусунда +28…+33

Баткен облусунда +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +22…+27

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +33…+35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы күндүз +23…+25 градус болот.