Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына көл элине кайрылуу жолдоп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган. Аким мындан төрт жыл мурун кызматка келген эле.

Урматтуу мекендештер! Ардактуу Ысык-Көл районунун тургундары! Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы- акими кызматынан кетүүнү чечтим. Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым.

Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргызстаныбызды да каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду. Тилекке каршы районубузда да жоготуулар болду. Бирок, ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик.

Ушул төрт жылда өлкө жетекчилигинин жана өкмөттүн колдоосу, тапшырмасы менен көптөгөн жакшы иштер жасалды. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө акимдин орун басары катары, калган экөөнү аким катары в ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче далалат көрдүм жана эмгегибиз акталып аталган иш-чаралар жакшы өттү. Чолпон-Ата шаарындагы ат-спорттук ипподрому курулду. Районубуздун көпчүлүк айылдарында бала бакча, мектептер салынды. Таза суу тартыш айылдарды суу менен камсыздоо иштери алгылыктуу жүрүп, жолдор төшөлдү. Ирригация системаларынын куруу боюнча ири долборлор ишке ашты. Айтор көптөгөн инфраструктуралык иштер аткарылды.

Урматтуу калкым, ушул төрт жыл ичинде мен жана менин командам сиздердин ар бириңиздерди угуп, ар бириңиздер менен түз байланышта болуп иштөөгө аракет кылдык. Элдин ишенимин, өлкө жетекчилигинин тапшырмасын жана эң башкысы эл уулу болгон атамдын атын булгабай, таза, так иштөө менин изги принциптеримдин бири болчу. Аткарылган иштер сиздердин таразада.Эл үчүн жасалуучу иштер дагы да бар. Эми аларды жасоону башкаларга берели. Жаңыча көз-караш, жаңыча ой жүгүртүү менен, калк үчүн кызмат кылууга даяр болгон инсандарыбыз арбын! Биз аларга өз мүмкүнчүлүгүн сынап көрүүгө жол беришибиз керек деп ойлойм! Урматтуу мекендештер, бул аралыкта мен өзүм үчүн чоң тажрыйба топтоп, сиздер менен дагы да бир кадам жакындадым.

Ааламга жол салчу айыл жашоосунун көйгөйлөрүн ичинен таанып, билип колумдан келишинче чечүүгө аракет кылдым. Бул топтолгон тажрыйба, менин жеке өмүр тарыхымда орчундуу орунду ээлеп калчу көз ирмемдер үчүн сиздерге башымды ийип таазим кылам! Алдыда дагы да сиздердин кызматыңыздарда жүрө бермекчимин. Элибизде тынчтык болсун! Калкыбыздын саламаттыгы бекем, жашоосу бакубат болуп, ар бир үйдөн баланын күлкүсү жаңырып турсун! Урматым менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы — аким Данир Иманалиев.