Коронавирус илдети жайылып жаткан чакта карантин шартында той-топур өткөрүүгө, эл чогулган жерлерге иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Кыргыз эли тойго жакын болгондуктан кафе-ресторандарга эмес үйлөрдө өткөрө баштады.

Алсак, КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жана ырчылар Кутман Султанов жубайы менен, Гулянда тойго барып кызмат кылганын ачыктап, күйөрмандарына сүрөт, видеолору менен бөлүшкөн.

«Бүгүн биринчи жолу тойго чыктык! Элибизде жакшы күндөр көп болсун! Тапкандарыбыз тойлорго жумшалсын! Акыркы айларда жаназага бардым деген адамдар абдан көп эле»,-деп билдирүү калтырды Самара Каримова.

https://www.instagram.com/p/CDqar12JRN-/?igshid=wuzskpp3vcab
https://www.instagram.com/p/CDrGY5hn6Nw/
https://www.instagram.com/p/CDs52E2lV5U/?igshid=19is9swxbn5kq