Минск шаарында митингге чыккандардын көпчүлүгү тарап кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Борбордук көчөлөрдө нааразычылык акциясына чыккандар байкалбайт. Акырындык менен автоунаа кыймылы калыбына келип, эл күнүмдүк жашоосун улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Күч органдары митинг учурунда көчөлөргө койгон тосмолорду алып салды. Бирок айрым жерлерде полиция автоунаа менен кыдырып карап жүргөнүн көрүүгө болот.

Эске  салсак, кечээ, 9-август күнү, Белоруссияда президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турган.

Ошондой эле, митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон.

Кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко эл добушунун 82 пайызын алгандыгы айтылган. Лукашенконун учурда Стамбулга учканы айтылууда.