Мен 32 жаштамын. 2 балам бар. Мектепти бүтөөрү менен турмушка чыктым. Ала качып кетишкен. Жолдошум менен 11 жыл чогуу жашадык. «Балдарыңарды таштап иштеп келгиле, үй салгыла» деп кайененем айтып дегенинен, Россиялап 7 жылдай жүрдүк. Көз жаштын баары ошол жакта калды. Балдарымды кайненем чоңойтту. Ай сайын 5000ден ылдый эмес акча салып турдук.

Бул балдардын тамак-ашына, үйгө өзүнчө бөлүп салдык. Ошентип жүрүп уй салдык, машина, жер айтор баары болуп кела жатканда күйөөм экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшпөй баштадык. Анын ар кандай кыздар менен сүйлөшкөнүн байкай баштадым. Мен ойлочумун биз эң бактылуубуз, балдарымды көрбөй кыйналсам дагы күйөм бар мени жакшы көргөн деп. Баарын кийин, кечирээк тушундум. Катуу оорушуп, таарыныштык. Кетем десем «кайненем сен балдарынды баккан жоксуң, мен балдар меники деп бербей» койду. Ошентип 1 жылдан жашадык.

Негизи Россияга барбайм, баламды таштап кете албайм деп ыйласам, барбасан сага үй ким салып берет. Же эмне ата энен салып бере алабы? Салып берсе барба деди айла жок кеттим. Анан 1 жылдан кийин дагы башталды уруш жаңжал. Ошондо жашай албасыбызды түшүнүп, балдарымды алып үй жайын таштап чыгып кеттим. Баары ошолорго калды.

Андан бери бешинчи жыл кетип атат. Күйөөм үйлөнүп ажырашканын уктум. Үй турат, машинасын сатып кайненем үйүнө мебель алыптыр. Ошентип маңдай тер менен тапканыбыздын баары ар жерде калды. Убакыт өтуп кетиптир дүнүйө деп жүро берип, балдарым чоноюп калышты. Кудайга шүгур балдарым бар. Айылга барсам, апам, женелерим жакшы бирөөгө тийип ал дешет. Мен балдарды таштап кете албайм. Анын үстүнө жакшы бирөөнү кайсы аял коё берсин.

Айтарым балдарым жакшы ата болбосо дагы жакшы дос издейм. Аялды түшүнгөн, ичпеген, намаз окуган, айткан сөзүнө турган адам болсо жакшы болмок. Сутко оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, ушунчалык эркек адамдан коркуп, көңүлүм келбей жүрчү элем. Көрсө жалгыз жүргөн болбойт экен…

Айжан