Мен үйдүн тун кызымын. Үйдө төрт бир тууганбыз. Атам апам эч нерседен кем кылбай чоңойтту. 2000-жылдары элдин баары жашоосун оңоо үчүн Бишкек, Россияга кете баштады. Ошол жылдары мен мектепте окучум. Биз үй-бүлөбүз менен Бишкеке көчүп келдик. Ал кезде атамдын “Москвич” деген сары машинасы боло турган. Шаарга келип таэжемдин үйүндө жашап калдык. Апам  көчөдө соода кыла баштады. Атам ага жардам берет. Сентябрь башталганда биз шаарга мектепке кирдик. Мен орусча жакшы билбейм, класста кыздар ары-бери өткөндө түртүп  “дура” дей турган. Мектепте канчалык кыйналсам да тырышып окуп,  бир жылда алдыңкы окуучулардын катарына кошулдум. Класс жетекчибиз айылдыктар тың деп айта берчү. Акырындан шаарга көнө баштадык. Атам  такси айдап, апам соода кылып бутка тура баштадык. Шаардын четинен үй сатып алдык. Мен мектепти бүтүп ЖОЖго тапшырдым.

Жашообуз оңоло баштады. Менден кийин сиңдилерим катары менен колледже тапшырып биринчи курсту бүткөндө ала качып кетишти. Кайын эже болуп отуруп калдым. Бир чети ичимден кызгана баштадым. Окуумду аяктап, тайкем кесибим боюнча жумуш таап берип иштеп калдым. Атам жаңы машина алаган. Кээде мени жумушка жетирип турат.

Жай мезгили болчу, күн ыссык,аялдамада турсам атам өтүп кетти, ичинде бир аял бар экен кардары окшойт деп ойлоп калдым. Автобус менен үйгө келдим. Апам байкуш баягысындай эле көчөдө соода кылат. Эртеси кайра жумуштан чыксам кайра атам кечээки эжени салып өтүп кетти. Артынан карап кала бердим. Кечинде апам иним экөөсү товарларын жыйнап келишти, чай ичип жаттык.  Атам түнкүсүн такси жакшы болот деп чыгып кетти. Эртеси жумушка барып,үйдө отчетторум калып калыптыр,  шашып чыга берипмин. Атама бош болсоңуз алып келип бересизби деп чалсам албады. Ал кезде чоң жалпайган “Моторолла” деген уюлдук телефондор жаңы чыгып жаткан. Айла жок үйгө кайра келдим. Дарбаза ачык экен. Үйгө атып кирип бөлмөмө өтүп кеттим. Ошол мезгилде, апамдардын бөлмөсүнөн бирөөнүн күлгөнү угулду, апам жумушка барбаган окшойт деп, апа деп эшикти ачсам, апам менен атам жаткан керебетте дырдай жылаңач атам менен жанагы атамдын машинесинде мен көргөн эже жатат. Колумда кагаздарым жерге чачылып кетти. Атам атып туруп, артыман чуркап ашканага кирди. Көргөн көзүмө ишенбей турдум. Денем калтырап, оозума сөз келбей, атамды теше карап:

-Акмак экенсиз, бул эмне кылганыңыз, жакында небере жыттайсыз. Жок дегенде апамдын төшөгүн булгабай башка жакка алып барбайт белеңиз дедим.

Атам кызуу экен. Бутуна араң турат.

-Оозуңду жап канчык, эрге тийсең боло мени аңдыбай деп, ачуусу менен келип столдо турган бычакты алып мага карай шилтеп жиберди. Колум менен колуна уруп жиберсем  бычак келип бөйрөгүмдүн үстүн тилип өттү. Тыз дей түшүп кан жайылып кетти. Аңгыча телефонума жумуштан чогуу иштеген эже чалды. Эжеге энтигип жатып үйдүн дарегин айтып тез жардам чакырттырдым. Ошону менен өзүмдү жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, ооруканада жатыптырмын, апам жанымда ыйлап отуруптур.

-Атам кана деп сурадым.

— Атаң сага кол салган каракчыларды издеп жүрөт деди.

-Кайсы каракчы?-деп сурадым апамдан.

 Көрсө атам, үйгө уурулар кирип карактап жатканда, мени барактарын алганы келип калыптыр, алар каршылык көрсөтүп бычак шилтесе тийип кетиптир деп жазып бериптир милицияларга. Ал жерден апама эч нерсе айтпадым, апамды аядым. Байкушум таңкы саат 5 те  туруп товар алганы кетет. Түнкүсүн кеч келет. Ыссыкта,суукта тикесинен тик туруп соода кылат. Эки күн өткөндө эч шек алдырбай атам келди. Карабадым, кет дедим. Алып келген алмаларын айнектен ары ыргыттым.

-Сенин менде акың калбады. Кет ошол шуркуяңа, ата деп сыйлап унчукпадым. Акмак экенсиң, өзүңдүн жыргалчылыгыңды кызыңдан артык койгон. Тамырымда сенин каның акканы мени өкүндүрөт, – дедим.

Атам унчукпай туруп кетти. Бирок, ошондон кийин оңолбоду, тескерсинче апама кол көтөрүп көп иче турган болду. Бир күнү апам чогулткан акчаларын топтоп,шаардагы үйдү сатып, шаарга жакын айылдардан үй алып көчүп кеттик. Атам таппай үч жылдай издеп акыры таап келип, кечирим сурап, ыйлады, акмак болгон экемин деди. Бирок менин жүрөгүмдө,бөйрөк үстундө өчпөгөн так, таарыныч кала берди….

Азыр андан бери көп жыл өттү. Турмушка чыккам, кээде жолдошум бул жериңе эмне болгон деп сурап калат. Кичине кезимде бактан кулагам деп коем…