КР аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында жана убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашыруу үчүн жарандуулугуна карабастан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилген. Бул тууралуу Ресупбликалык штабдан билдиришти.

Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү

-Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
-Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;
-Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;
-Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
-Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, КР аймагына эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келишкендер

— Тиешелүү мамлекеттик органдар КР ССМ уруксат берүүчү документтерди кабарлоо үчүн КР МПК берет (КР Өкмөтүнүн буйрук берүүсү 84-б 17.03.2020, 9.06.2020 – жылы редакцияланган);
— Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;
— Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу;
-Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып турулары керек;
-ПЦР анализдери терс чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
— КР Өкмөтүнүн 09.06.2020-жылдагы № 210-б Буйрук берүүсүнө ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн уюштуруу шарттары, ПЦР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КР аймагына автоунаа менен келген жактар

-Беткап режимин катуу сактоолору керек;
-Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
-Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшырууү, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.

Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.