Кечээ, 9-августта Минск шаарында болгон нааразычылык акциясынан улам жаралган баш аламандыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү «Весна» адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович жергиликтүү басылмаларга билдирген.

«Баш аламандыктан бир адам каза болгондугу жөнүндө маалымат бар. Дагы үч адам өтө оор абалда жатат. Каза болгон адам башынан жаракат алган», — деп билдирген Стефанович.

Буга чейин, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенкого тиешелүү учак Минск шаарындагы баш аламандыктан кийин өлкөдөн учуп чыгып кеткендиги айтылган.