Жыныстык билим берүү боюнча швед ассоциациясынын кызматкерлери: «Жумасына бир жолу жыныстык катнашта болуп туруу үй-бүлөнү бекем жана бактылуу кармап турууга шарт түзөт. Ал эми андан көп санда жасалган жыныстык катнаш, тескерисинче мамилелердин муздашына алып келүүсү мүмкүн»-деген жыйынтыкка келишкен.

Ошондой эле, алар скандинавия өлкөлөрүнүн ар бир төртүнчү тургуну эки айда бир жолу жыныстык катнашта болорун аныктап чыгышып, узакка созулуп кеткен мындай көрүнүштөр дагы жубайлардын ортосун алыстатып жиберээрин айтышкан.

Бул изилдөө иштери боюнча өз оюн айткан москвалык сексолог Таня Сухинина: «Албетте, үй-бүлөдө жумасына жок дегенде бир жолу жыныстык катнаш болуп туруусу жакшы нерсе, бирок, эки айда бир жолу, же андан да сейрек жасалган жыныстык катнаш, жубайлардын ортосундагы жылуу мамилелердин муздап калгандыгынан кабар бербейт»-дейт.

Адистин оюу боюнча жыныстык катнаштын мындай сейрек болуусу чарчоо, стресс ж.б.у.с. факторлор менен байланыштуу болуусу ыктымал.