Беларусь президенти Александр Лукашенко президенттик шайлоо аяктагандан кийин алгачкы билдирүүсүн жасады. Бул тууралуу BelTA маалымдайт.

«Бир саясат болушу керек — адамдар»,- деди ал.

Ошол эле учурда Лукашенко Беларустун Улуттук Биотехнологиялык Корпорациясынын жогорку технологиялуу айыл чарба өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышууга убада берди.

Эскерте кетсек, 10-августта Беларуссиянын президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын оппозициячыл биргелешкен штабы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Беларуссиядагы шайлоо өнөктүгү оппозициянын талапкерлеринин камакка алынышына жана шайлоого кирүүсүнө тыюу салынгандыгына байланыштуу нааразычылык акциялары менен коштолду. Нааразычылык демонстрациялары болгон учурда, аскердик шаймандар шайлоо күнү Минскиге жеткирилген. Президенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин, Минск шаарында жана Беларуссиянын башка шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталды. Укук коргоочулар борбор калаада полиция унаасы каршы чыккандарды басып өтүп, бир адам каза болгонун билдиришет.

Ал эми көпчүлүк басылмалар Лукашенконун Стамбулга учуп кеткенин жазышууда.